Олимпиада: Суучул Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

  • 3 года мурун

Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиадв мелдешинде Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 40 спортчунун ичинен 17- орунду ээледи. Ага жарым финалга чыгуу үчүн саналуу гана мүнөт жетишпей калган.


Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында жарым финалга чыга албай калды. Таймаштын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Мелдеш сүзүүнүн беш түрү менен өткөн. Петрашов экинчи топто жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,07 секунда жыйынтык менен өз атаандаштарынын арасында алдыда келген.

Эрежеге ылайык, беш топтон мыкты натыйжа көрсөткөн 16 спортчу жарым финалга чыгат. Тилекке каршы, 40 катышуучунун ичинен кыргызстандык спортчу 17-орунду ээледи. Жарым финалга чыгуу үчүн жарым секунд жетишкен жок. Мындан улам Денис Петрашов Олимпиада мелдешинен четтеди.

Эске сала кетсек, 24-июлда Петрашов 100 метр аралыкты брасс ыкмасында 1 мүнөт 0,23 секунд убакытта сүзүп өтүп, 27-орунга жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты