Бишкектин вице-мэри кармалды
- 3 года мурун
Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды.
Бул тууралуу өздүк булактарынын маалыматына таянып, бир катар ЖМК жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, вице-мэр Азамат Сагындык уулу кечээ, 24-июлда кармалган.
Буга чейин мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын бухгалтери 9 миң доллар доолагандыгына шектелип кармалган. Бул ошол ишке байланыштуу экени айтылууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү