20 жашында “Кеттик” турагенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жаш ишкер Азамат Акматов менен маек

Кыргызстандагы ири тур агенттиктердин бири “Кеттик” 20 жашар студенттер тарабынан 2016-жылы негизделген. Ошолордун бири учурдагы ийгиликтүү ишкер, сүйүктүү жубай жана ата болгон Азамат Акматов өзү, өнөктөш-достору жана ишкерликтеги жолу тууралуу баяндап берди.

Аскер адамы болгусу келген

Азамат мырза Баткен облусунун Кадамжайында төрөлгөн. Бала кезинде ким болоору тууралуу суроо берилгенде “Аскер болом” деп жооп берчү экен. Жадакалса Бишкек шаарындагы Суворов атындагы мектепти бүтүргөн маектешибиз учурда кесиби боюнча юрист. Максаттардын өзгөрүшү, өзүн сынап көргөн тармактар жөнүндө буларды айтып берди:

— Аскер адамы болгум келчү, чоң энем да кичинемде “генерал болосуң”- деп көп айтар эле. Ал кишинин колунда чоңоюп, көп нерсени үйрөндүм, Суворов атындагы аскерий мектепти артыкчылык менен бүтүргөм. Аскердик карьера курууда чоң максаттарым бар эле, бирок ден соолугума байланыштуу баарын таштоого мажбур болгом. Кийин Юридикалык академияга тапшырып, юриспруденцияда практикада жүрүп, анын да даамын татып көрдүм. Эл аралык IT-компанияда 2 айдай иштегем. Анан досум экөөбүз ремонт боюнча иш баштап, чакыруу аркылуу компьютерлерди оңдоо менен да алектенгенбиз, айтор өзүмдү көп эле тармактарда сынап көрдүм.

Окшошпогон үчөө, “Кеттиктин” пайда болуусу

“Кеттик” бир гана Азамат мырзанын эмес, дагы эки ишкердин “баласы”. Алардын бири Эрбол юридикалык академияда, экинчиси- Чыңгызхан АГУПКРда окуган. Бул үч инсандын жолдору 2016-жылы Enactus клубунда бириккен. (Enactus — ишкердүүлүктү жашоо шарттты жакшыртуу үчүн колдонгон студенттердин жана ишкерлердин уюму) Бир күнү клубдун командалары тоого эс алууга бармай болуп, аны уюштуруу мүмкүнчүлүгү үчөөнө түшөт. Эс алуудан келгенден кийин алар бул тармакта акча табуу жөнүндө ойлонушуп, дароо Инстаграмдан баракча ачышкан экен. Негиздөөчүлөр тууралуу буларга токтолду:

— Эрбол менен бир университетте окучубуз. Тоолорго көп чыгып, саякаттоону жакшы көргөн анын бул тууралуу түшүнүгү да, кызыгуусу да бар болчу. Чыңгызхан баарыбыздан демилгелүү болуп, акча табууга дарамети күч эле. Мен графикалык дизайнда жөндөмдүүмүн, продуктту тангактап, жакшы суна билем. Ар түрдүү болгон үчөөбүздүн жөндөмдөрүбүз биригип, тур фирмабыз ачылган. Дагы бир досубуз атын “Кеттик” деп атоону сунуштаган. Бизге жакты. Себеби тоскоолдугу, оордугу жок, жеңил угулат. Биздин максат саякаттоону максималдуу түрдө жеңилдетип, аны баарына жеткиликтүү кылуу эле. “Саякаттоо оңой, Кеттик!”- дегендей. Жолубуз ушинтип башталды.

20 жашында “Кеттик” турагенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жаш ишкер Азамат Акматов менен маек

Баштапкы капитал же инвесторлор болгон эмес

Жаш студенттер баштаган долбоордо алгач өздөрүн сынап көрүүнү каалашкандыктан аларды өлкөдөгү экономикалык туруксуздук, бизнестин тобокелдүүлүгү сыяктуу нерселер көп ойлонткон эмес. Алгачкы кадамдар инвесторлордун же капиталдын жардамы менен эмес, күчтүү каалоо артында башталыптыр:

— Биз баарын абсолюттук нөлдөн баштаганбыз. Баштапкы капитал, инвесторлор же туугандардан жардам суроо болгон жок. Негизи эле акча көбүнчө өндүрүш өндүрүүдө же алып сатууда бизнесинде көп керектелет. Биздин жумушубуз кызмат көрсөтүү болгондуктан, ишти баштоодо чоң акчага муктаж болбодук. Там-туң басып баштаганда бизге досторубуз жардам беришкен. Биздин алгачкы кардарлар, алгачкы гиддер, биз тууралуу соцтармактарга бөлүшкөн жарнамачылар да ошолор эле.

Алгачкы турда адамдарды жоготуп…

Тур фирманын биринчи жүрүшү Ала-Арчага пландалган экен. Мындай саякаттоолор жаңылык болгондуктан каалоочулардын саны биринчи саякатта эле 80ге жеткен. Айтымында 4 автобус адам менен болгон алгачкы турда айрым кардарлар жолдон адашып жоголгон учурлар болгон экен. Кээ бирлери карга түшүп кетип, колдору тоңуп, салыштырмалуу уюшулбаган деңгээлде өтүптүр. Саякаттоонун ар бири чоң кызыктуу окуя дейт ишкер:

—Алыскы аймактарга эки-үч күндүк турларды жаңыдан уюштуруп баштаган учурлар да өзүнчө кызык. Барчу жерибиз тууралуу, биз гиддер тургай айдоочуларыбыз да жакшы биле элек мезгил. Мындай учурда өзүбүздү жоготпой импровизациялап кетчүбүз. Картаны карап, жол таппай калганда сыр бербей, басып жүрүп жаңы кооз жерлерди таап алган учурлар да болгон. Кардарларыбыз эмес, өзүбүз биринчи барып жаткан жерлер жөнүндө интернеттен маалымат алып, катуу даярданат элек. Акырындык менен улам жаңы жерлерди кошуп, ар бирин кылдаттык менен үйрөнүп отуруп талаабызды кеңейттик, ишибиздин көзүн таптык.

Жасаган ишине болгон сүйүү кыйынчылыктардан өтүүгө жардам берген

Ар бир бизнестин оош-кыйышы болуп, “Кеттиктин” тарыхы да алардан куру эмес. Адилет өз жолундагы кыйынчылык жараткан нерсе тажрыйбанын жоктугу болгон деп эсептейт. Тиешелүү жагдайда эмне кылууну билбей калган учурлар кызыктуу окуяларга гана эмес, көйгөйлөргө да туш кылган. Оор кырдаалдардан чыгып кетүүгө жардамчы болгон факторлор тууралуу буларды айтты:

—Тажрыйба маселеси чын эле чоң кыйынчылык жаратты. Баарын бир учурда таштап коюу жөнүндө ойлор да болгон. Бир жылдай кыйналуу болду, аксадык. Бирок бул убагы менен келчү нерсе экен. Ишти баштагандан баштап аны чын дилден сүйдүк. Баарын акча табуу үчүн эмес, жасаган нерсебиз жана саякаттоо өзүбүзгө жакканы үчүн аракеттендик, анан тажрыйба топтоло баштады. Акырындык менен “куражга” кирип, сүйгөн жумушубуз аркылуу акча таба баштадык. Киреше да чоң мотиваторго айланды.

Бирок эң башкы фактор катары мен бизди, Эрбол жана Чыңгызхан үчөөбүздү айтат элем. Биз бир батирде туруп, иш үстүндө 24/7 чогуу болчубуз. Баардык кыйынчылыктардан биргеликте өттүк. Бул жылдар ичинде биздин жумуш бизди бир тууган кылды.

20 жашында “Кеттик” турагенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жаш ишкер Азамат Акматов менен маек

Сапаттуу эс алууну 90го жакын адам уюштурат

Пандемия туризмге чоң сокку уруп, оору жайыла баштаганда тур агенттиктин бардык каттамдары токтогон. Кийин абал турукташа баштаганда гана тиешелүү

эрежелерди сактоо менен өлкө ичиндеги турлар кайра жанданат. Ушундай кыйын кырдаал, критикалык абалдарда жол таап, ыңгайлуу шарт түзүп, сапаттуу эс алуу уюштурган команда тууралуу да кеп болду:

—Биздин командада жалпы 55 адам иштейт. Алардан мен, Эрбол, Чыңгыз үчөөбүз жетекчилик кылабыз. Бир SMM-адис кызыбыз, кардарлар менен байланышта болгон эки менеджерибиз, 49 гидибиз бар. Ошондой эле 30 га жакын айдоочубуз, фирманын брендиндеги автобустар бар. Алгач командага өз досторубуздан эле алганбыз, өзүн жакшы көрсөткөн туристтерибиз да кошулган.Кийинчирээк кастингдерди уюштуруп, вакансияларды ача баштадык. Алмашуулар көп болду, кийин биз маалыматтуулук. жоопкерчилик менен позитивге басым жасап отуруп, 5 жыл ичинде командабызда өз ишин жакшы билген мыкты адистер топтолгон.

Кесиби боюнча иштөөнү пландаштыра элек

Маектешибиз азыр жыйырма беш жашта. Жары Нарине казак улутунан экен. Экөөнүн уулу Аллан 11 айлык. Азыр үй-бүлөнүн таттуу түйшүгүн тартып, фирманын ишине байланыштуу пландарды реализациялоо менен алышып жүргөн кези. Алектенип жаткан жумушун чын дили менен сүйөт. Тур учурунда мейли улуу депутат болсун, мейли жаш студент болсун бирдей денгээлде пикир алышкандары аны сүйүндүрөөрүн айтып өттү. Ал эми кесиби тууралуу:

—Азырынча юриспруденция тармагында иштөөңү ойлоно элекмин. Жакынкы келечекке да мындай пландарым жок- дейт.

Кең келечекке карай кеттик!

Азыр фирманын Бишкек жана Ош шаарларында офистери бар. Жакынкы 1 жылдык планы фирманы Кыргызстандагы ички туризм менен алектенген фирмалардын ичинен сап башына чыгарууну камтыйт. Ысык-Көл жана түштүк жергесиндеги аймактарга офис ачып кеңейүү да пландалып жатат. Ошондой эле туризмде ички жана тышкы туристтерди тейлөөнү жогорулатып,, учурда жумасына 800дөй кардарды тейлеп атышкан болсо, жакын арада алардын санын 5000ге жеткирүү мүмкүнчүлүгүнүн үстүндө иштешүүдө.

Жакынкы келечекке коюлган максаттар тууралуу кененирээк токтолду.

— Алма-Ата менен Москва шаарларында да офистерди ачууну максат койгонбуз. Алар ишке ашса, бизде эки жүздөй адам эмгектенип, ар бир өлкөдөн келген туристтер үчүн аларды тейлеген жеке бөлүмдөрү бар, күчтүү, ирээтке келтирилген системаны курсак дейбиз. Албетте, бул үчүн дагы далай эмгектенүү керек.

Жаш ишкерге кеңеш

Маек соңунда жаш ишкерлерге бере турчу кеңештери катары буларды сүйлөдү:

—Ар бир жаш ишкерге бизнес баштоо үчүн сөзсүз түрдө велосипед ойлоп табуунун кереги жок дейт элем. Анткени көпчүлүк формалдуулуктар, узакка созулуп пландалып, эч эле башталбаган бизнес пландар тууралуу көп ойлонушат. Бирок мындай жарабайт. Менин оюмча жакшы бир идея таап, ага жеке өзгөчөлүгүңдү кошуп, жакшы таңгактап берүү керек. Эң кыйыны бул — баштоо эле. Узак пландар менен алышып отурбай, базарда өз өндүрүмүңдү алып чыгып тестирлөө натыйжалуу болот. Андан кийин эгер кылганың өзүнө жакса, акчага эмес жыйынтыкка иштесең, эч бир кыйынчылыкка карабай бизнес түптөлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты