​Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топ Бишкекте жолукту

  • 3 года мурун

Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.


12-17-июль күндөрү Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору иш алып барып, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Сүйлөшүүлөр достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өтүп, кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүү макулдашылган.

Фото Министрлер кабинетинин сайтынын алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты