​“Жалпы иш”: Шайлоо күнү аныкталган мыйзам бузуулар

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү күнү саат 13:00гө карата «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары 22 мыйзам бузууну каттады. Бишкек шаарында — 13, Ош шаарында — 9.


Алардын ичинен Бишкекте төмөнкү мыйзам бузуулар катталды:


Шайлоо участкаларды ачууда процедуралык бузуулардын 6 фактысы катталган.

Добуш берүүнүн купуялыгы бузулган 4 факт (анын ичинде бюллетенди сүрөткө жана видеого тартуу).

Добуш сатып алуу боюнча 2 факт катталды.

Саясий партиянын өкүлү тарабынан шайлоочулардын тизмесин байкоо жүргүзүү боюнча — 1 факт.

Ош шаарында катталгандардан:


Шайлоо участкаларды ачуу учурунда процедуралык мыйзам бузуулардын — 5 фактысы.

Партия өкүлү шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүүнүн жол-жобосун көзөмөлдөгөн 2 факт.

УШКда уруксатсыз адамдардын бар экендиги жөнүндө — 2 факт.

Токмок шаарында мыйзам бузуулар катталган жок.

Сүрөт: БШК маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты