​Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

  • 3 года мурун

Кечээ, 10-июлда, саат 22: 05те Кыргызстандын түштүгүндө очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду.


Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиргенине караганда, жер титирөөнүн негизги булагы Кара-Кыр айылынан 15 км түндүк-батышта, Чогон айылынан 12 км түндүк-чыгышта, Ноокат айылынан 25 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 48 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Чогон айылында 4 балл, Кара-Кыр, Кичик-Алай, Ак-Жылга, Кожо-Келен, Кызыл-Туу, Калдай, Буудайык, Шамшалы, Сегет, Кара-Таш, Кыргыз айылдарында 3 баллдан сезилген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты