​Жапаров Бишкек шаар кеңешине кайра шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди.

Бир күн мурда мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду.

Президент берген ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок. Бирок Садыр Жапаровго коопсуздукту сактоо кеңеши берилди.

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө.

11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты