Жапаров АКШны улуттук майрамы менен куттуктады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жозеф Робинетт Байденди Американын улуттук майрамы — Эгемендик күнү менен куттуктады.

«Сизди Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Учурдан пайдаланып, Сиз АКШнын Президенти болуп шайланаарыңыз менен визалык чектөөлөрдү алып салганыңыз үчүн сизге терең ыраазычылыгымды билдирем. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп берет деп терең ишенем.

Өз кезегинде Кыргызстан мындан ары да Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн болгон аракетин жумшайт деп ишендиргим келет, » — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты