​Кара-Кулжада селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүрүүдө

  • 3 года мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйөө -Таш айылында сел кыяндан жабыркаган 11 турак жайды тазалоо иштери жана 250 метр ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

2-июль күнү кечинде катуу жааган жаандын кесепетинен Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйөө-Таш айылында сел жүргөн.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты