​Оштон Ысык-Көл аэропортуна жумасына үч жолу авиакаттам жүрөт

  • 3 года мурун

Оштон “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна туруктуу авиа каттам жумасына 3 жолу — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 25-июнда бул жылда Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды.

«Тез Джет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багытында 105 жүргүнчүнү, анын ичинде 12 баланы алып келди. Ал эми Тамчы-Ош багыты боюнча 88 жүргүнчү, анын ичинде 13 бала учуп кетишти.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты