​Күйөөсүнүн ур-токмогунан арыла албай келаткан Бермет

Бул окуя расмий түрдө ажырашып кетсе дагы, жолдошу тарабынан коркутуу жана зомбулукка кабылып келе жаткан Бермет (Аты-жөнү өзгөртүлдү) тууралуу болмокчу.

Бермет ал кезде болгону 18 гана жашта болгон. Окууну жаңы аяктап, Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетине тапшырган кези эле. Ошол учурда кошуна квартирада жашаган 33 жаштагы Актан (Аты-жөнү өзгөртүлдү) Ысык-Ата районунун бир айылына ала качып кеткен.

Канчалык каршылык көрсөткөнүнө карабай, Берметтин туугандары келгичекти күч менен нике кыйып коюшкан. Ошентип ал жерде жашап калган.

Жолдошу улам кызгана берип, окуусун дагы таштаганга мажбур болгон. Дароо эле боюна бүтүп калат. Жолдошу болсо күн алыс кол көтөрүп, көзүнө чөп сала баштайт.

Турмушка чыккандан кийин мен анын мурда соттолгонун, 2-3 млн сом карызы бар экенин билдим. Эч жакта иштечү эмес, биз анын ата-энесинин акчасына жашачубуз”, — дейт Бермет.

Турмуш курганга чейин Актан башка кыз менен сүйлөшүп жүргөн экен, Берметке үйлөнгөндөн кийин деле аны менен сүйлөшкөнүн токтоткон эмес. Мектептин директору болуп иштеген кайненеси дагы бир топ кордукту көрсөтчү экен.

“Кайненем “кетсең, же ата-энеңе айтсаң БЧКга ыргытып жиберем” деп коркутчу. Көпкө чейин мага телефон дагы бербей жүруштү, кийин бир канча телефонду сындырды, алар менин кимдир бирөө менен сүйлөшүшүмдү каалашчу эмес”, — дейт Бермет.

“Уят, эл эмне дейт” деген ойдо зомбулукка көпкө чейин чыдап жүрө берген.

Бермет 2019-жылы жолдошунан бир отоло кетүү чечимин кабыл алат. Бирок кеткенде дагы жолдошу тынчтык бербейт. Берметти күч менен алып кетип калып, сабап, акыл-эсин жоготкон учурлары дагы болгон. Бычак көтөрүп келген учурлары дагы жок эмес. Канча жолу жаракат алып, ооруканага жатып, дарыланып дагы чыккан.

Экөө расмий түрдө 2020-жылы ажырашып, баягы сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнгөнүнө карабай, Актан Берметти коркутканын токтоткон эмес.

Апаңды өлтүрүп кетем, эжеңди өлтүрүп кетем деп коркутат. Сени башкага турмушка дагы чыгарбайм деп айтат, эгер бирөө менен жолкканыңды көрсөм аны дагы өлтүрүп кетем дейт. Кислота чачып кетем, же атайын автокырсык уюштуруп коем деп ар түрдүү сөздөр менен коркутуп тынч жашатпай келди”, — дейт Бермет.

Берметке Адвокаттарды окутуу борборунун про-боно адвокаттары бекер юридикалык жардам көрсөтө башташкан.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышат. Берметтин окуясы маалымат каражаттарына чыгып кеткенине жинденген тергөөчү ишти Москва районуна которуп салат.

Бул кадамын тергөөчү “Акыркы жолу коркутуу Беловодскиде жүргөн учурунда катталган экен, ошонүчүн кылмыш болгон жерде каралышы керек” деп негиздейт.

Ошентип ишти Москва районунун ички иштер бөлүмү тергей баштаган.

Жолдошу менен беттештирди. Бермет өзү хиджаб кийип, динди катуу карманганддыктан ага талак алуу абдан маанилүү болуп жаткан. Бирок жолдошу талак бербей койду. “Талак бербесең, демек дагы деле муну тынч койбойт экенсиң да?” деген сурообузга ал “Бермейм, кандай түшүнсөңөр, ошондой түшүнгүлө” деп жооп берди. Кебетесинен эле агрессор адам экени көрүнуп турат. Ал кийинки аялына дагы кол көтөрүп, ал дагы милицияга арыз менен кайрылганы тууралуу маалымат алдык”, — дейт про-боно адвокат Айжан Кадырова.

Бир күнү про-боно адвокаттар тергөөчү кылмыштын курамы жок экен деп кылмыш ишин токтоткону тууралуу маалымат алышат.

Макул, ала качуу көп жыл мурда болуп, далилдеш кыйын экен, бирок, коркутуп жатканы, талак бербей жатканы аны тынч койбой турганынын далили эмеспи? Жок дегенде өлтүрөм деп коркутканы, денесине жаракат келтиргени боюнча кылмыш козгоп, кандайдыр бир жоопкерчиликке тартпайсыңарбы (?) десем, арыздана бергиле” деп койду тергөөчү”, — дейт про-боно адвокат.

Ошентип эми про-боно адвокаттар прокуратурага апелляциялык арыз менен кайрылып жатышат.

Үйбүлөлүк зомбулук жылдан жылга көбөйүп келе жатат. Улуттук статистикалык кызматтын маалыматына караганда, 2019-жылы 6145 факты жазылган болсо, 2020-жылы 8577 факты катталган. Ал эми мындан он жыл мурда бул көрсөткүч 1777ни түзгөн. Анын көбү эркектер тарабынан жасалары аныкталган.

Автор: ПолитКлиника

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты