​Экономика жана финансы министрлиги жалдаган франциялык компания тууралуу эмнелер белгилүү?

Экономика жана финансы министрлиги пландоону, координациялоону, аткарууну жана бюджеттин ачыктыгын күчөтүү үчүн Франциянын Linpico SARL компаниясын жалдаганын министрликтин маалымат кызматы билдирди. Аталган франциялык компания эмне ишмердүүлүк кылат жана ал жөнүндө эмнелер белгилүү экендигин текшерип көрдүк.

Аталган компания милдеттерине 19-майда киришкен. Андан бери бир нече жолугуушуларды өткөрдү. Ал жолугуушуларда Дуйнөлүк банктын өкүлдөрү дагы катышкан.

Министрликтин маалыматына ылайык Linpico SARL компаниясы Кыргызстанга төмөндөгүдөй консультациялык жардамды көргөзөт:

  • Орто жана узак мөөнөттүү келечекте бюджеттин киреше жана чыгашаларын натыйжалуу болжолдоо үчүн каржылык программалоонун колдонуудагы эконометрикалык моделин жаңыртуу;
  • Бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү;
  • Эл аралык практикага ылайык, накталай акчаны пландаштыруу, накталай ликвиддүүлүктү башкаруу жана бюджеттик милдеттенмелерди контролдоо жол-жоболорун жана тажрыйбаларын өркүндөтүү;
  • Мамлекеттик карызды башкаруунун жаңыланган стратегиясын даярдоо, DMFAS v6.0 конфигурациясына функционалдык жана техникалык талаптарды даярдоо (тышкы жана ички карыздарды башкаруу жана эсепке алуу үчүн);
  • Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына жана коомдук секторго ылайык ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгуу.

Компания жөнүндө эмнелер бегилүү?

Расмий сайтында көргөзулгон маалыматка ылайык, Linpico — 1991-жылы негизделген, эл аралык өнүгүү жаатында дүйнө жүзү боюнча иш алып барган көп тармактуу консалтинг компаниясы. Компания көрсөткөн кызматтар программаны аныктоодон жана түзүүдөн баштап, долбоорду ишке ашырууга, баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө чейинки долбоордун бардык циклдерин камтыйт.

Компаниянын башкы кеңсеси Франциянын түштүгүндө жайгашкан. Linpico SARL (Франция), Linpico Ltd (Великобритания) и Linpico West Africa (Буркина-Фасо) болуп аймактарга бөлүнөт.

Linpico дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында 30дан ашык жерде 5 негизги секторду камтыган эксперттер менен эксперттик топторго ээ:

  • Мамлекеттик каржылык башкаруу
  • Билим
  • Башкаруу жана башкаруу жардамы
  • Соода жана жеке секторду өнүктүрүү
  • Маалыматтык технологиялар

Компаниянын кардарларынын арасында: Дүйнөлү Банк, Азия Өнүктүрүү банкы, Африка Өнүктүрүү Банкы, Америка аралык Өнүгүү Банкы, Франциянын Өнүктүрүү Агенттиги бар.

​Экономика жана финансы министрлиги жалдаган франциялык компания тууралуу эмнелер белгилүү?

Ошондой эле 80ден ашык өлкөдө долбоорлорду ишке ашырып келет.

“Бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздайбыз, пландайбыз деген жөн эле куру сөз”

БМУнун үйнөлүк экономика кафедрасынын доценти Уран Садыгалиев өзүбуздүн эле адистерди пайдаланууну сунуштады:

Чет элдик консалтингдик компанияларды тартып же алардын кеңешин алып турган учурлар болгон. Француздук компанияны жалдадык, бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздайбыз, пландайбыз деген жөн эле куру сөз. Келишимди конкреттүү пунктары менен ачыктап, алардын кандай ыйгарым укуктары бар, эмне иш кылышат, аларды жалдаганга мамлекет канча төлөп берет” деген сыяктуу суроолорго так жооп берилмейинче, бир нерсе деп так кесе айта албайбыз. Болбосо, бүтүндөй министрлик эмне иш кылат? Канча деген адистерибиз бар. Ошолорду деле пайдалансак болот”, — деп билдирди ал

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков бул кадамды туура деп эсептейт:

Мамлекеттин бардык тармактары талкаланган. Ошондой эле бюджет эрежелери дагы оор абалда. Биз 30 жылда мамлекеттин бюджет түзүү, сактоо, аткаруу жана мониторинг жүргүзүүнү үйрөнө алган жокпуз. Дүйнөдө бюджетти немецтер жакшы түзөт, француздар жана жалпы эле демократиялык өлкөлөр жакшы түзүшөт. Алардан үйрөнсөк жакшы болмок. Биз бюджетти президенттердин, депутаттардын талаптары жана жеке кызыкчылыктарына карап түзүп келдик. Бул бизди азыркы туңгуюкка алып келди. Француз компаниясы бюджет түзүүнү, аткарууну, сактоону, эрежелерди бузбоону үйрөтөт. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан азыркы кадам туура”, — деп билдирди ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты