​Бишкекте 1-июлга чейин элди бекер ташыган жаңы автобус каттамдары ачылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында жаңы автобустарды салтанаттуу түрдү шаардык каттамдарга чыгаруу аземи болду.


Бүгүнтөн баштап Өзбекстанда чогултулган япониялык ISUZU маркасындагы 50 жаңы автобустары жүргүнчүлөрдү ташый баштады.

Жаңы автобустар үчүн жаңы каттамдар ачылып, азырынча 5 схема иштелип чыкты.

Алар:

№10 маршрут — Ак-Ордо жаңы конушу — айланма;

№11 маршрут — Ак-Ордо жаңы конушу — айланма;

№12 маршрут — Маевка айылы — Көк-Жар айылы;

№13 маршрут — Муромская көчөсү — Кырман конушу;

№14 маршрут — 12-кичи район — Ак-Ордо конушу.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бул автобустар 1-июлга чейин жарандарды акысыз ташый турганын да айтты.

“Жаңы каттамга көнүп, ыңгайлашып алганга чейинэлди бекер ташымай болушту. «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсынын бишкектиктерге болгон белеги десек болот. Күзгө чейин дагы 300 автобусту каттамга кое беребиз. Мындан тышкары,12 метрлик автобустар ЕРӨБ аркылуу сатылып алынат”, — дейт калаа башчысы.

Ошондой эле Бактыбек Кудайбергенов бюджеттен бул автобустарга каражат коротулбаганын, бардыгын жеке ишкерлер сатып алганын, мэрия болгону маршруттук каттамдар менен гана камсыз кылганын кошумчалады.

Фото мэриянын маалымат кызматыныкы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты