Кыргызстан Гутерриштин талапкерлигин колдоп берди
- 4 года мурун
Бириккен улуттар уюмунун башкы катчылыгына учурдагы башкы катчы Антонио Гутерриштин талапкерлигин Кыргызстан колдоого алды.
Жакында эле БУУнун Генералдык Ассамблеясынын отурумунда португалиялык А. Гутерришти 2022-жылдын 1-январынан, 2026-жылдын 31-декабрына чейинки кезектеги 5 жылдык мөөнөткө башкы катчылыкка бекитүү боюнча резолюцияны биздин өлкө колдоп берди.
Антонио Гутерриш 2017-жылдан бери БУУнун башкы катчысы кызматын аркалап келет. Ал шайланган жылы Кыргызстанга келип кеткен.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү