​»Ардагер» шаардык геронтология борборун оңдоого 10 млн сом бөлүндү

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун имаратынын фасадын жакшыртуу жана жаңылоо боюнча тендер жарыялады.


Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоонун жалпы суммасы 10,0 млн сомду түзөт. Акча шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

«Ардагер» борбору бул шаардын улгайган тургундарына арналган реабилитациялык типтеги медициналык-социалдык мекеме. Негизги багыт сергек жашоо мүнөзүн сактоо, сарамжалдуу тамактанууну уюштуруу, дарылоо, эс алуу.

Борбор 80 адамга ылайыкташтырылган, бул жерде жыл сайын 960ка жакын улгайган адам эс алышат. Учурда мекеме карантинге жабылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты