​#ПАЙДАЛУУ: Эс алуу күндөрүн кантип кызыктуу өткөрүүгө болот?

Жайдын ысыгында иш күндөрү бүткөн соң шаар тургундары эс алуу күндөрүн өзгөчө өткөрүүнү каалашат. Мындай учурда көбүнчө тамак-аш жасап, шаар четине пикникке чыгууну пландашат. Натыйжада дем алыш күндөрү улуттук парктын жанынан узун унаа тыгындарын байкаса болот. Биз жуманын аягын үй-бүлө, достор же жумуш жамааты менен шаарда жана анын тегерек четинде кызыктуу өткөрүүнүн жолдорун сунуштайбыз.


Жампинг

Flyjump

Jumping — бул альпинисттик аркандар менен бийиктиктен секирүү. Экстрималдуу көңүл ачууну жактыргандар жана өзүн жеңүүгө аракет кылгандар үчүн эң мыкты тандоо. Эки адам чогу секирсе болот, бардык процесс инструктордун көзөмөлү астында өтөт.

Жайгашкан жери: Голубиный шаркыратасы;

Баасы: Бир секирүү 2000 сом;

Жашы: 18 жаштан жогору, жаш балдар ата-энесинин макулдук каты менен секире алышат;

Байланыш телефону: 0551-234-545.

Рафтинг

Rafting kg

Рафтинг — бул катуу суу агымдарынан, дарыяларды кайык менен сүзүп өтүү. Бир кайыкта жетиден кем эмес адам жана инструктор болот. Командадагы адамдар суу калактары менен багытты башкарып, агын суудагы тоскоолдуктардан өтүшөт.

Жайгашкан жери: Боом капчыгайы, Чу жана Чоң-Кемин суу аралыктары;

Баасы: бир адамга 1900 сом;

Жашка чектөө: 7 жаштан жогору жаш балдар, жана улууларга болот;

Байланыш телефону: 0550-772-994.

Параплан

Paraplan.bishkek

Параплан парашютка бир аз окшошуп кеткен жеңил учуучу аппарат.

Экиден, инструктордун жардамы менен же жалгыз учса болот. Учуу сезимдерин жашап өтүү менен биргеликте айланага бийиктиктен көз чаптырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жайгашкан жери: Кой-Таш айылы;

Баасы: Бийиктикке жараша;

350 м-1450 сом;

500 м-1990 сом;

1000 м- 3990 сом;

Салмакка карай чектөө коюлат: 35 кгдан 140 кг салмакка чейинкилерге болот;

Байланыш телефону: 0755-213-111.

Родельбан

Orlovka kg

Дөңгөлөктөрү бар жайкы чаналарда, атайын жол менен тоо арасынан жогорку ылдамдыкта түшүү. Орловка айылындагы эң узак аралык 860 м түзөт.

Жайгашкан жери: Орловка айылы;

Баасы: Бир жолу түшүү жана аркан жолу менен кайра көтөрүлүүнү кошкондо 250 сом. Күнүнө 2100 сомдон жогору;

Жашка чектөө: Жети жаштан баштап жекече түшө алат. Жети жашка чейинкилерге ата-энесинин коштоосунда гана түшүүгө уруксат берилет;

Байланыш телефону: 0701 78 78 07;

0701 78 78 28.

Пейнтбол

Combat.kg

Краска менен октолгон атайын оюн куралдары менен эки командага бөлүнүп атышуу. Оюн эрежелери тиешелүү жерге жана оюнчулардын сүйлөшүүлөрүнө жараша болот. 4 адамдан 30 адамга чейин катыша алышат.

Жайгашкан жери: Армейская көчөсү 150;

Баасы: Бир адамга 500 сомдон. Оюнга керектелчү маркер, камуфляж, бронижилет, кол кап жана бет кап камтылган;

Жашка чектөө: 10 жаштан жогоркулар ойносо болот;

Байланыш телефону: 0775 98 61 70, 0704 98 61 60.

Квест

Silence quest

Белгилүү бир жай, имарат же бөлмөдө ойнолчу оюн. Мында оюнчулар командага биригип, берилген убакыт ичинде ар кандай табышмактарды табуу менен камалган бөлмөдөн чыгууга аракет кылуусу керек. Жалпы 2ден 12 оюнчуга чейин ойношот.

Жайгашкан жери: Жукеева Пудовкина 61 Б;

Баасы: 1-4 адамга чейинки командага 2000 сом. Андан кийинки ар бир кошулган адамга 300 сомдон кошулат;

Жашка чектөө: Чектелген эмес;

Байланыш телефону: 0550 01 36 66.

​#ПАЙДАЛУУ: Эс алуу күндөрүн кантип кызыктуу өткөрүүгө болот?

Show Today

Show Today

Дем алыш күндөрүн, негизи эле майрамдарды өзү белгилеген жерде кызыктуу өткөргүсү келгендер үчүн ылайыктуу. Мында кандай гана конок тосуу, жөн эле эс алуу же майрамдык корпоратив болбосун, шаң-шөөкөттүү кызыктуу оюндар камтылган шоу программаны сиз үйүңүзгө чакыра аласыз. Шоу телеберүү атмосферасында өтөт.

Жайгашкан жери: Бөкөнбаева көчөсү 96-5;

Баасы: Ар бир чакырылган жерге карай индивидуалдуу бааланат;

Жашка чектөө: Конкурстар 8 жаштан баштап балдардын баарына жана улууларга ылайыкталган;

Байланыш телефону: 0999 50 01 00.

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты