​Чегирткеден ун, таттууларды жасаган ишкер

Кыргызстанда биринчи жолу “чегиртке” чарбасын ачып, андан белок ун, жей турган чипсы сыяктуу азыктарды жасай башташты. Чарбанын жетекчиси Адылбек Гапаров бир жыл бою бул тармакты окуп, үйрөнүп чыккан.


“Башында көбүн өлтүрүп алдым»

— Чегиртке чарбасын интернеттен карап, бир жыл бою ийне-жибине чейин өздөштүрүп чыктым. Башында Бишкектеги чегиртке баккан жерлерден 30 чегирткени, ар бирин он сомдон сатып алып, үйдөн 3-4 ай багып “Эмне ичет? Эмне жейт? Кантип көбөйөт?” деп кызыгып, кылдаттык менен өздөштүрүп чыктым.

Бул аралыкта анын жарым чегирткесин өлтүрүп алдым. Интернет булактарынан окуп үйрөнгөн менен багып өстүргөндүн айырмасы асман менен жердей экен. Башында кыйын эле болду. Анын үстүнө Кыргызстанда чегирткени багуу, өстүрүү, колдонуу жолдорун айтып бере турган эксперттер жок экен. Мындан улам барын өзүм үйрөнүүгө туура келди.

Кийин, кайра 40 чегиртке сатып алгам, ал көбөйүп отуруп чакан фермага айланды. Ал ортодо өзүбүздүн бир батирибизди сатып, анын акчасын ушул чарбачылыкка жумшадым. Толук кандуу иштей баштаганыбызга үч ай болду.

​Чегирткеден ун, таттууларды жасаган ишкер


“Бир чегиртке 200 жумуртка калтырат”

— Учурда чегирткенин домастикос жана кара чегиртке деген эки түрүн көбөйтүп, колдонуп атабыз. Мисалы, чегирткенин домастикос деген түрүнөн ун чыгарабыз.

Мындан жасалган ундун 70 пайызын белок түзгөндүктөн, адамдарга өтө пайдалуу. Ал эми кара чегирткеден азырынча ун жасай элекпиз. Аны кууруп, сырага закуска катары чыгара баштадык.

Бир айдын ичинде бир чегиртке 200 жумуртка калтырат. Жумурткалары бир айдын ичинде чоңоет, бир айдын ичинде анын түшүмүн алып турса болот.

​Чегирткеден ун, таттууларды жасаган ишкер


“Чегирткелерди сабиз, капуста берип багабыз”

— Чегирткелерди атайын жасалган кутучалардын ичине багабыз. Жумурткаларын ташташ үчүн кокостун тамчысы аралаштылып нымдалган топуракты идиштерге салып коюп коебуз.

Ташталган жумурткаларын инкубаторго алып киргендин кийин он күн өтпөй майда чегирткелер чыга баштайт. Инкубатордо дагы бир жума кармап, анан кутучаларга киргизебиз. Айта кетчү жагдай чегирткелердин жумурткаларын 29-30 градустук температурада кармаш керек.

Жаңы чыккан чегирткелер сууну көп талап кылышпайт. Атайын жасалган тоют менен тамактанышат. Күнүнө бир маал тамак беребиз.

Ал эми жыйырма күндүк чегирткелер бадыраң, сабиз, капуста жана башка жер-жемиштерди беребиз. Мисалы, 1 килограмм чегирткени багыш үчүн, бир айда 2-3 килограммдай жашылча-жемиш, 5-6 л суу керектелет.

​Чегирткеден ун, таттууларды жасаган ишкер


“Чегирткеден жасалган ундун 1 килограммы 6000 сом”

— Биздин эң биринчи багытыбыз, бул — чегирткелерден ун чыгаруу. Ал үчүн алгач чегирткелерди тоңдуруп, андан соң жууп-тазалап анан тегирменге тарттырабыз.

Чегирткеден жасалган ундун 1 килограмы 6000 сомдун тегерегинде сатылып атат. Ал эми кара чегирткелерди кууруп закуска катары чыгаруудабыз. Мисалы, үйдөн келинчегим ундан батончик, печенье жасап берет. Аны баарыбыз эле жейбиз.

​Чегирткеден ун, таттууларды жасаган ишкер


“Чегиртке — адал”

Ошондой эле арыктайм дегендер унун сууга салып, кадимки эле коктейль сыяктуу ичишсе жакшы жыйынтык берет. Эң башкасы чегиртке адал болуп эсептелет. Бардыгы мыйзамдуу болсун деп керектүү документтерди да бүтүрүп жатам.

Учурда кардарларыбыз деле бар. Россия, Казакстандан адамдар байланышка чыгып, 1-2 тонна алабыз деп жатышат. Алар талап кылган көлөмдү биз өндүрүп бере албай жатабыз.

Себеби, фермабыздагы чегирткелердин бардыгын топтосок да бир тонна чыкпайт. Бирок, ошол кардарлар талап кылган көлөмдү өндүрүп берген деңгээлге чыкканга аракет кылабыз.

​Чегирткеден ун, таттууларды жасаган ишкер

Бир килограмм чегирткеде 3 миң чегиртке чыгарса болот. Бир килограмм унду чыгарыш үчүн 12 миң чегиртке керектелет. Себеби, кургатылгандан кийин салмагын жоготот.

Учурда “чегирткеден ун чыгарып атыптыр” дегенди уккан адамдар аябай таң калып жатышат. Бирок, буга да адамдар бара-бара көнүшөт. Кызыгып атайын сатып алып жеп көргөндөр деле бар.

Чегирткелер фермадан качып, шаарды каптап кетет деген коркунуч жок. Качып кеткен күндө да бир күндөн чыкпай өлүп калышат. Анткени, чегирткелердин биз багып жаткан түрү бир түнкү суукка чыдабайт.

Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты