​Абдыганы Эркебаев: Кайсы кызматта иштебейин, мамлекеттин, элдин мүлкүнө кол салган жокмун (ВИДЕО)

“Эркиндикте” аттуу рубрикабызда айтылуу адамдардын басып өткөн жолу, өмүр таржымалы, эркиндикке салымы тууралуу сөз болот. Бүгүнкү мейманыбыз – мамлекеттик жана коомдук ишмер, адабиятчы, академик Абдыганы Эркебаев.


— Окурман журту жакшы билет, 2-курстан сын макалаларым чыгып, атактуу адамдардын, Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (ал кезде көзү тирүү), Касымалы Баялинов, Түгөлбай Сыдыкбековдун романдарына чейин жакшысын жакшы деп, өзүм байкаган кемчиликтерди да көрсөткөм. Ошон үчүн мени “кыргыздын Белинскийи” деп коюшчу. Курч элем, тартынбаган-тайманбаган.

Саясатта жүргөндө алгачкы жылдары курч болдум. Кийинчерээк өтө өткүр болбодум, батыл кадамдарга бара алган жокмун…

Кудуретим, өзүмдүн аракетим, элдин колдоосу, батасы менен Кыргыз мамлекетинин эркиндикке умтулушуна, өзүнчө мамлекет болушуна салымымды коштум. Ушуну дайыма канаттануу менен белгилейм, башымды өйдө көтөрүп жүрөм.

Кандай чоң кызматтарда иштеген жокмун, эч убакта айлыгымдан башка, мамлекеттин казынасына, мамлекеттин, элдин мүлкүнө көз артып, суук колумду салган жокмун, каржы иштерине, бизнеске аралашкан жокмун деп айта алам. Мен үчүн элдин урматы, ишеничи — ыйык.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: ПолитКлиника медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты