​АКШ кайрадан Кыргызстанга аскердик базасын жайгаштырууга кызыкдар

  • 3 года мурун

Ушул жылдын күз айында АКШнын жана эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдүн аскерлери толугу менен Афганистандан чыгарылат.

Бирок, НАТО аскерлеринин бул өлкөдөн чыгышы америкалыктаргы тынчтык бербей келет. Анткени “Талибан” кыймылы күндөн – күнгө күч алып, Афганистандагы өз таасирин күчөтүүдө.

АКШ аскерлери чыгарылгандан кийинки Афганистандын абалына “Нью-Йорк таймс” басылмасы кеңири токтолуп, афган өкмөтү талибдерге көпкө чейин туруштук бере албастыгын, Афганистан кайрадан террористтик уюмдардын уюгуна айланып, батыш өлкөлөрүнө каршы сокку уруучу негизги плацдармга айлананаарын жазып чыкты.

Келечектеги мындай коркунучту алдын алуу үчүн АКШ Афганистанга жакын жайгашкан өлкөлөргө аскердик базасын жайгаштыруу үчүн болгон аракетин жумшап, бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок экени айтылды.

“Нью-Йорк таймс” басылмасы ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандагы мурдагы аскердик базаларын калыбына келтирүү маселеси дагы көтөрүлүп жатканын, бул багытта аракеттер да башталганын жазды.

Жазында “The Wall Street Journal” басылмасы АКШ аскердик базасын жайгаштыруу үчүн Тажикстан менен Өзбекстанга сунуш бергенин жазып чыккан. Өзбекстан эч кандай чет элдик аскердик базаларды жайгаштырбай турганын дароо эле билдирген.

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин орусиялык ММКларга берген маегинде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан америкалыктардын аскердик базасын өз өлкөлөрүнө жайгаштыруусун Россия каалабай турганын ачык айткан.

«АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин деле ал жакты көзөмөлдөн чыгаргысы келбейт. Ошондуктан Афганистандагы аскерлеринин жок дегенде жарымын коңшу мамлекеттерге жайгаштырууга аракет кылууда. Андай аракеттер көрүлүп жатканы боюнча да маалыматтарыбыз бар. ЖККУдагы өнөктөштөрүбүз буга макул болбойт деп ишенебиз», — деген Сергей Нарышкин.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты