​9 миң сомдон алынган көчөттөрдүн көбү куурап калды

  • 3 года мурун

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы Айгүл Наватова 3 жыл мурун Европадан алынып келинген кымбат көчөттөр Бишкектин кышкы суугуна чыдабай, көбүн үшүк алып кеткенин айтты.


“Көчөттөрдү алып келген компания 3 жылдык кепилдик беришкен. Биз өсүмдүктөрдү алмаштырууну же чыгымды кайтарып берүүнү талап кылабыз. Азырынча маселе чечиле элек. Өткөн жылдын октябрь айында аба ырайы кескин муздап, көчөттөрдүн көбүн үшүк алып кетти”, — деди.

2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алуу үчүн «Арт Грин» ЖЧК менен келишим түзүлгөн.

Бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 2017-жылга карата май айында 60 000 000 сом каралган.


Көчөттөрдүн кымбат сатып алынышы боюнча 2018-жылы 25 – апрелде УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Көчөт окуясы боюнча Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов менен экс-премьер-министр Сапар Исаковго да коомчулукта кескин сындар айтылган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты