​​Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Бекмурзаев Доскул Жумагулович Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.


Буга чейин Доскул Бекмурзаев Улуттук энергохолдингдин башчысынын орун басары, «Түндүкэлектро» ишканасынын башчысы кызматтарын аркалап келген.

Кечээ, 7- июнда Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков “Эгерде кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсөк, анда Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн»- деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты