Садыр Жапаровдун кортежи менен болгон жол кырсыгында Президенттин дарылоочу врачы каза болгон

  • 3 года мурун

Кечээ, 4 — июнда Ысык — Көл облусунда Президент Садыр Жапаровду коштоп бара жаткан унаа кортежи кырсыкка учурап, бир адамдын кайтыш болгонуайтылган.


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, каза болгон адам Президенттин дарылоочу врачы 37 жаштагы Илгиз Усубалиев болгон.

«Мас айдоочу катуу ылдамдыкта келип сүздү. Президент бара жаткан биринчи унаа өтүп кетүүгө үлгүрүп, тилекке каршы сокку экинчи унаанын дөңгөлөгүнө туш келип, натыйжада унаа аласалып кеткен. Илгиз Усубалиевдин алган жаракаттары оор болуп, кайтыш болуп калды », — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Маркумдун артында аялы жана үч баласы калды.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга ар тараптуу жардам көрсөттү. Аскер кызматкери кызмат учурунда каза болгондо каралган бардык жеңилдиктер анын үй-бүлөсүнө да каралат», — деп кошумчалады Саламаттыкты сактоо министри.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты