​#ПАЙДАЛУУ: Гаджеттен тажаган балдарга эс алууга ыңгайлуу жайкы лагерлер

Окуу жылы аяктап, балдардын көптөн күткөн жай мезгилинин алгачкы аптасына кирип баратабыз. Көпчүлүк ата-энелер өз балдарынын кызыктуу, пайдалуу эс алуусу үчүн түрдүү жолдорду издеп жаткан учур. Мындайда эң мыкты тандоолордун бири — жайкы лагерлер.


Анткени ал жакка баруу менен балдар пандемия бою үзгүлтүксүз караган гаджеттерден оолак болуу менен биргеликте, жаңы чөйрөгө аралашып, ден-соолугун чыңдап жана ар тараптуу өөрчүй алат.

Биз бул макалада Кыргызстанда сунушталып жаткан эс алууга ыңгайлуу лагерлер тууралуу маалыматтарды топтоп, шарттарын билдик.

“Жалын” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары

Жашка чектөө: 7-14 жаш

Баасы: 10 күнгө 7250-8400 сом

Кайрылуу дареги: Бишкек шаары, Көк-Жар 23

Байланыш номери: 0550-560-540

Көрсөтүлгөн баага балдардын барып келгендеги жол киреси кирет. Тамактануу 5 маал болот. Эс алуу программасы ар кандай спартакиадаларды, стол оюндарын жана кечки спектаклдерди, тематикалык күндөрдү камтыйт.

“Маяк” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл, Тору-Айгыр айылы

Жашка чектөө: 6-16 жаш

Баасы: 10 күнгө 6500-8000 сом

Кайрылуу дареги: Бишкек шаары, Ахунбаева 65

Байланыш номери: 0555-317-520

4 маал тамактануусу менен. Скаладром менен алектенүү, бийлер, сууга түшүү, ар кандай конкурстар жана спорт оюндарын ойноо каралган.

“Justcamp” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл, Чоң-Жаргылчак айылы

Жашка чектөө: 10-20 жаш

Баасы: 10 күнгө 10000 сом

Байланыш номери: 0551-655-244 0704-222-217

4 маал тамактануу. Балдар шарттуу түрдө оюн-зоок программалар, кызыктуу оюндар жана спорт оюндары менен алектенишет.

“Дзержинец” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл, Чок-Тал айылы

Жашка чектөө: 8-16 жаш

Баасы: 10 күнгө 6000 сом

Кайрылуу дареги: Тыныстанова көчөсү

Байланыш номери: 0509-900-035 0556-511-312

4 маал тамактануу. Спорттун бир нече түрү боюнча спартакиадалар,шахматтык турнирлер, конкурстар, жаш балдар үчүн шаңдуу старттар, кечкисин түрдүү иш-чаралар жана дискотека менен коштолот.

“Ырыскы” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл, Тамчы айылы

Жашка чектөө: 9-17 жаш

Баасы: 7 күнгө 5500 сом

Кайрылуу дареги: Бишкек шаары, Новопокровка Молодежный центр

Байланыш номери: 0702-868-648 0700-609-262

4 маал тамактануу. Спорт иш-чаралары, викториналар, конкурстар, концерттер, бананга түшүү камтылган. Шахмат, бий жана колдонмо искусство боюнча курстар бар

“Выживание в Таласе” этно-лагери

Жайгашкан жери: Талас облусу, Кең-Кол жайлоосу

Жашка чектөө: 14-18 жаш

Баасы: 5 күнгө 1500 сом

Байланыш номери: 0701-465-046

Тамак балдар тарабынан жасалат. Табият койнунда эс алышып, кыргыз элинин жашоо турмушун таанып билишет. Актердук жана оратордук чеберчилик боюнча мастер класстар, видеорежиссерлук боюнча сабактары бар.

“Айыл camp” этно-лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл, Булан-Сөгөттү

Жашка чектөө: 7-17 жаш

Баасы: 10 күнгө 15900 сом

Кайрылуу дареги: Бишкек Джал 29 3/3 кв 34

Байланыш номери: 0501-133-233

3 маал тамактануу (ортосунда нанүштө тамактары менен). Барып келүү жол киреси ичинде. Балдар кыргыз элинин каада-салты, маданияты менен таанышышат. Спорт стекинг, жана башка оюндарды ойноп, финансылык сабаттуулукка үйрөнүшөт.

“Hollywood” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл

Жашка чектөө: 7-18 жаш

Баасы: 10 күнгө 10000 сом

Кайрылуу дареги: Бишкек шаары Исанова 118

Байланыш номери: 0999-022-622

4 маал тамактануу. Англис тилин үйрөнүүгө багытталган.10 күн ичинде балдар кино тартышат, актердук жана оратордук чеберчиликке, интернет контентине үйрөнүшөт. Экскурсиялар жана башка көңүл ачуучу оюн-зооктор менен коштолот.

“Аmericanschool camp” лагери

Жайгашкан жери: Ысык-Көл

Жашка чектөө: 7-18 жаш

Баасы:10 күнгө 10000-11000 сом

Кайрылуу дареги: Бишкек шаары Юнусалиева 160

Байланыш номери: 0500-908-459

Жол киреси ичинде. 4 маал тамактануу (меню боюнча заказ беришет). Эки тур камтылган: теплоходдо сүзүү жана тоого тоого түнөп калуу менен баруу. Дискотека, кинотеатр, бизнеске жана актердук чеберчиликке үйрөтүү, кошумча шаар ичинде бир ай англис тилин үйрөтүү бар.

Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты