Орусия «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат
- 3 года мурун
Орусия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.
Өз сөзүндө Путин өлкө мындан ары да коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам бере турганын белгиледи.
«Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат», — деди Путин.
22-апрелде Бишкекке Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан саталып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген. Мындан тышкары жакында бул вакцинанын дагы 100 миң дозасы келет деп күтүлүп жатканы кабарланган.