Аутизм борборундагы баланын сабалышы. Энеси милицияга арыз берди

  • 3 года мурун


Бишкек шаарындагы «Аутизмди жеңебиз kg» коомдук фондусундагы баланын сабалышы боюнча окуя Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын көзөмөлүндө экени маалымдалды.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган мекемеге келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаштагы баланы сабап жатканы чагылдырылган видео тараган.

Бул үй-бүлө 6 жаштагы баласын дарылоодон өткөрүү үчүн Ош облусунан Бишкек шаарына келген.

Социалдык кызмат көрсөткөн бардык уюмдарга кабинеттерине видеокамераларды орнотуп, жумушка алууда кызматкерлерди кылдаттык менен тандап алууну, мындай уюмдарда иштеген кызматкерлерге талапты күчөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө баланын энеси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз берди.

«Аутизмди жеңебиз» борборунда андагы дефектолог кызматкер тарабынан 6 жашар баланын сабалышы боюнча видеотасма социалдык тармактарда тараган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты