​Дастан Догоев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Дастан Догоев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 20-майда кол койду.

Азамат Дыйканбаев Миинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев акча талап кылуу беренеси менен айыпталып, камакка алынды.

Дастан Догоев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.

Былтыр АКШдагы эң абройлуу окуу жайлардын бири болгон Жонн Кеннеди атындагы Гарвад университетинин бир жылдык магистратурасын окуп келүү үчүн мамлекеттик кызматтан баш тарткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты