​Касым Тыныстанов: Мамлекеттик ишмер жана окумуштуу

  • 3 года мурун

Бүгүн, 20-майда, Улуттук Илимдер академиясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган “Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу” аттуу конференция өттү.

Иш-чарага УИА президенти Мурат Жуматаев, академик Абдылдажан Акматалиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, чет элдик окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары чакырылган.

Анда Касым Тыныстановдун поэзиядагы, кыргыз адабиятындагы орду, Кыргызстандагы алаш ордо кыймылы жана Тыныстановдун ортосундагы байланыш, “кызыл профессор” аты менен белгилүү болгон Тыныстановдун түрк тилдүү элдердин тарыхындагы орду ж.б. жөнүндө билдирүүлөр жасалды.

Алгачкы кыргыз профессору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, 1920–1930-жылдардагы. элдик билим берүү жаатындагы реформатор Касым Тыныстановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстан тарыхында татыктуу орунду ээлейт.

Тыныстанов өлкөнүн коомдук-саясий жана маданий өнүгүүсүнө түрткү берген жана кыргыз адабий тил чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга катышкан. Окумуштуунун кыргыз тили багытындагы бир катар («Окуу куралы», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Биздин тил», 1927; «Эне тил», 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) эмгектери жарыкка чыккан.

1924-жылы Ташкент шаарындагы Агартуу институтун бүткөндөн кийин Түркстан Эл агартуу комиссариатындагы Илимий комиссиясынын катчысы, кийин төрагасы болуп иштеген. 1925-жылы «Ала-Тоо» газетасынын редактору, 1927–1930-жылдары Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1930–1937-жылдары алгач Кыргыз маданият жана куруу институтунун илимий кызматкери, кийин анын директору. Саясий репрессиянын жылдарында ага жүйөсүз буржуазиялык улутчул күнөөсү тагылып, 1937-жылы камалган жана 1938-жылы атууга кеткен. 1988-жылы К. Тыныстанов толугу менен акталган.

Иш-чара УИАнын Б. Жамгырчынов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана КР Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты