​Кара-Суудагы селдин кесепети

  • 3 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, 8-май күнү Мады жана Катта-Талдык айыл аймактарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баш-Булак айылында сел болжол менен 20 турак үйдүн, 1 мектеп, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин каптаган.

Ошондой эле Мады айыл аймагынын Кыргызчек айылында сел суулары жүрүп, турак үйлөрдү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аба-ырайы турукташканга байланыштуу тактоо жана тазалоо иш-чаралары башталды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты