​“Менин атым Жеңиш”. Кыргызстандагы “майрамдуу” аттарга моданын өзгөрүшү

Совет доорунда, салттуу түрк тектүү жана кыргыз аттары менен бирге, саясий маанайдагы аттар пайда боло баштаган. Мисалы, Съездбек, Кенеш (Совет), Марлен (Маркс, Ленин). Ошондой эле, маанилүү окуяларга да арналган аттар коюлган. Эми Жеңиш күнү кыргызстандыктардын ысымдарында кандай чагылдырылганын карап көрөлү.

Биз шайлоочулардын тизмесинен Жеңиш жана Майрам жана аларга уңгулаш аттарды талдап, айлар жана жылдар боюнча өзгөрүшүн карап чыктык.

Эгер Жеңиштер май айында көп болсо, Майрам ысымдары 9-майга эле эмес, 8-март жана Октябрь революциясы сыяктуу майрамдарда да коюлганын көрүүгө болот.

Графиктен көрүнүп тургандай, чоң көрсөткүчтөрдүн бири 1945-жылга дал келет. Андан кийинки өсүш 1965-жылы байкалган. Ал жылы Жеңиш күнү биринчи жолу масштабдуу түрдө майрамдалган. Бул күн Октябрь революциясынан кийинки эле маанилүү мамлекеттик майрам болгон. Экинчи чоң көрсөткүч жеңиштин 40 жылдыгына туура келет. Андан соң тенденция акырындап төмөндөй баштаган.

Балдарды Жеңиш аты менен гана эмес, анын уңгулаштары менен да аташкан, мисалы Жеңишгүл — жеңиш гүлү же Жеңишнур — жеңиштин жарыгы. Жеңишке байланыштуу эң популярдуу ысым — Жеңишбек.

Кыргыз жана орус тилдеринде жазылышы ар башка болгондуктан, бир эле аталышта көптөгөн өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Жеңишке арналган дагы кандай ысымдар бар экендигин карап көрүңүз — жазуу канчалык чоң болсо, ошончо көп адам ал ат менен Кыргызстанда жашайт.

Майрам атына байланыштуу абал башкача. Бул аттын популярдуулугу 1965-жылга чейин өскөн, андан кийин тенденция төмөндөй баштаган. Ага карабастан, Майрам деген ат азыркыга чейин көп кездешет.

Майрам, Жеңиш сыяктуу эле, көптөгөн варианттарга ээ. Көп коюлган Майрамбек, Майрам жана Майрамгүлдөн сырткары, Майрамчахон, Майрамнисо же Майрамниса сыяктуу өзгөчө аттарды да кезиктирсе болот.

Аттар — убакыттын чагылышы. Азыр жеңиштин урматына арналган ысымдардын коюлуусу төмөндөп бара жатат. Бирок, ислам дининин таасири менен жаңы тенденциялар пайда болууда.

Биз сизге бул тема боюнча алдыда кенениреек айтып берүүнү пландап жатабыз.

Бул материал БШКнын маалыматына негизделген, башкача айтканда, 2020-жылдын 4-октябрында добуш берүүгө катышкан 18-жаштан жогору калктын баары эске алынган.


Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Эркеайым Темирболотова, Алтынай Нурланова

Дата-редактор: Айзада Тома


Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр