Президент Баткен облусуна барды
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен барды.
Мамлекет башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.
Сүрөт: Медиаштаб.
Муну бөлүшүү