​БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтты

  • 3 года мурун

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатат.


Баш катчынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик «Башкы катчы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатат. Ал өткөн жумада кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуяга катышкандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи”, — деди.

Антониу Гуттериш 1-майдагы ок атышпоо келишимин кубаттаарын, эки тараптын тен ок атышпоо режиминин сакталышы үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырганын да кошумчалады.

Ошондой эле баш катчы эки тараптын бийлик өкүлдөрү менен түз байланышта экендигин белгилеп, БУУ зарылчылык болсо колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты