​ӨКМ атайын эсебине чогулган акчалар баткендиктердин талкаланган үйлөрүн калыбына келтирүүгө жумшалат

  • 3 года мурун

ӨКМдин атайын эсебине чогулган акчалар баткендиктердин талкаланнган үйлөрүн калыбына келтирүүгө жумшалат


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

«Эч кандай тоскоолдуктар болбош үчүн гуманитардык жардамдарды чогултуу ишин бирдиктүү штаб аркылуу ишке ашыруу керек. Чогулган каражатты, азык-түлүк гумжардамдарды дарегине жеткиришибиз керек. Ушундай учурларда көп убакытта алдамчылар колдонуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бирдиктүү штаб ачылган.

Ал эми ӨКМ алдында ачылган бирдиктүү атайын эсепке түшкөн каражаттар Баткенде жабыркаган инфраструктурага, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалат. Ошондуктан баардык мекендештерибиз абалды туура түшүнүп, кыйналып турган мамлекетибизге колунан келген жардамын берүүсүн суранабыз.

Учурдан пайдаланып, болгон жардамын көрсөтүп жаткан ыктыярчыларга, бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем. ӨКМ алдында ачылган бирдиктүү эсептин реквизиттери министрликтин «Фейсбук», «Инстаграм» социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларыбызга жарыяланды», — деди ал.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты