Кыргыз-тажик чек арасы: Тараптар ок атууну токтотуп, аскер күчтөрүн алып кетүү тууралуу макулдашты

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Тажикстан саат 20:00дөн баштап ок атышууну токтотуп, аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашты.

Буга чейин Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасында аскер күчтөрүн чыңдап, “Головной” тарапты өзүнүн толук көзөмөлүнө алганын Чек ара кызматы билдирген.


Кыргызстан менен Тажикстан саат 20:00дөн баштап ок атышууну токтотуп, аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашты.


Мындай чечим эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев белгилегендей, кыргыз тарап бөтөн аймактарды талап кылбайт жана өз жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок. Бул контекстте ал чек ара жана экономикалык маселелердин бардыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусунда сүйлөшүүлөрдүн кийин чечилиши керек.

Ал эки мамлекеттин ортосундагы, айрыкча чек ара аймагында, ишенимди бекемдөөнүн, чек ара аймактарындагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуучу чараларды көрүүнүн жана жергиликтүү калктын ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай иш-аракеттерди токтотуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, бүгүн куралдуу кармашка өткөн. Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 31 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты