​Улукбек Мариповдун Тажикстан премьер-министри менен жолугушуусу пландаштырылууда

  • 3 года мурун

Премьер-министр Улукбек Мариповдун Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушуусу пландаштырылууда

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны соңунда, Казань шаарында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун жана Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөрү мерчемделүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашат.

28 — апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, бүгүн куралдуу кармашка өткөн. Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 17 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты