Садыр Жапаров чек ара чатагы боюнча жыйын өткөрдү
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен кыргыз-тажик чек арасындагы
курч кырдаал боюнча оперативдик жыйын өтүп, бир
катар тапшырмаларды берди.
Күч түзүмдөрүнүнөн абал
боюнча маалымат алган соң,
вице-премьер министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Тышкы иштер министрлигине
дипломатиялык каналдар аркылуу кырдаалды тынч жайгаруу боюнча ишти улантуу
тапшырмасы берилди.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү