​“Дарыларды дүкөндөн сатып алабыз”: калктын үчтөн бир бөлүгүнүн айылдарында дарыканалар жок

Мыйзам боюнча Кыргызстандын аймагында жашаган ар бир адам дары каражаттарына жетүүгө укуктуу. Биздин редакция жарандардын бул укугу бардык жерде сакталбай жатканын аныктады.


Кыргызстандын аймагында үч миңге жакын каттоодон өткөн дарыкана бар. Бирок алар аймактарда текши жайгашкан эмес. Чоң шаарларда дарыканаларга жетүү көйгөйү байкалбайт. Бирок, аймактардагы абал канааттандыраарлык эмес. Төмөнкү графиктен өзүңүз байкап көрүңүз:

Биз Кыргызстандагы бардык калктуу конуштарды карап көрдүк. Анализдин негизинде калктын үчтөн бир бөлүгүнүн дары каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү жок экени белгилүү болду. Ал эми дарыкана алты айылдын биринде гана бар. Кийинки картада кызыл менен дарыканасы жок калктуу конуштар белгиленген:

Дарыкананын жоктугу тургундарды азык-түлүк дүкөнүнөн сапатсыз дарыны сатып алууга аргасыз кылат.


Айылда дарыкана жок болгондуктан, бизге дарыларды дүкөндөн сатып алууга туура келет. Бирок, ал жакта арзан жана каяктан келгени белгисиз болгон дары-дармектер сатылат. Андан сырткары, көпчүлүк керектүү дарылар жок. Ошондон улам, керектүү дарыларды алуу үчүн Ат-Башы айылына барууга аргасыз болобуз. Маршруттук каттамдар жок болгондуктан, жолго үч эсе кымбат төлөп, барып келебиз,” — деп Ат-Башы районунун Биринчи Май айылынын тургуну Айнура билдирди.

Айнуранын бөйрөктөрү жабыркаган. Керектүү дарыларды алуу үчүн Айнурага 20 км жол жүрүүгө туура келет. Айнураныкына окшош абалды бардык аймактардан кезиктирүүгө болот. Төмөндө ири айылдардын жашоочулары жакынкы лицензияланган дарыканага канча чакырым жол жүрө тургандыгы боюнча бир нече мисал келтирилген.

Калктын дары-дармекке жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган жобо барбы? Бул суроо менен биз Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментине кайрылганыбызда, жаңы дарыканалардын ачылышы фармацевтикалык компанияларга байланыштуу экенин билдиришти:

“Бизде дарыканалардын ачылышын көзөмөлдөөчү мыйзам жок. Баары бизнес компаниялардан көз каранды. Эгер аларга кирешелүү болсо, дарыкана ачышат. Алыскы аймактарга дарыкана ачуу боюнча айыл өкмөттөрүнөн кайрылуу келип түшсө, биз фирмалар менен сүйлөшөбүз”, — деди Дары каражаттары департаментинин ошол учурдагы орун басары Мавлянбек Абдиев.

Жыйынтыгында, калктын үчтөн бир бөлүгүнүн дарыканаларга жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Көйгөйдү чечүү боюнча Өкмөт кабыл алган программалар иштебей келет. Ал эми өлкөбүздө мамлекеттик дарыканалар болбогонуна байланыштуу жеке фармкомпанияларга көз карандыбыз.

Биз кантип эсептедик: Биз дарыканалар жана аймактар боюнча 2021-жылдын башындагы маалыматтарды талдап чыктык. Бул маалыматтардан дарыканалардын даректери жана калктуу конуштардын санын бириктирдик. Дарыканалар боюнча маалыматтарды КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана техника менен камсыз кылуу департаментинин сайтынан алдык. «Дарыкана» сөзү фармацевтикалык ишмердүүлүктө лицензиясы бар дарыканаларды, дарыкана пункттарын жана дарыкана киоскторун билдирет. 2021-жылдын башына карата калктуу конуштар боюнча калктын саны КРнын Улуттук Статистикалык Комитетинен алынды.


Авторлор: “ПолитКлиника”

Дата-редактор: Айзада Тома

Иллюстрация: Алина Печенкина


Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр