​АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лунун кызматы жогорулайт

  • 3 года мурун

АКШ Президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчи Доналд Луну АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысы кызматына которуу тууралуу сунушун берди.


Түштүк жана Борбордук Азия бюросуна Борбордук Азиядагы 5 өлкөдөн тышкары Индия, Пакистан, Афганистан, Непал, Шри Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Бутан мамлекеттери кирет.

Доналд Лу Кыргызстандагы элчилик кызматта 2018-жылдын 18-сентябрынан бери иштеп келет. Доналд мырза биздеги эгемендик, Нооруз сыяктуу майрамдарда кыргызстандыктарды кыргыз тилинде куттуктап, кыргыз тилине, каада-салтына өзгөчө сый — урмат жасаган элчи катары мекендештерибизге жакшы таасир калтырган.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты