​Жаңы тигүү фабрикасы USAIDдин колдоосу менен аялдарга жумуш орундарын түзүүдө

Кечээ. 20-апрелде, Oskar Moda компаниясы Бишкектеги өзүнүн кеңейтилген тигүү фабрикасынын расмий ачылыш аземин өткөрдү. Жаңы ишкана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен кызматташтыкта ачылган. USAIDдин колдоосу ишканага быйыл жылы эле100дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берди.


USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында Oskar Moda компаниясы үтүктөгүчтөрдү,ороо жана тигүү машиналарын, чачма плоттер, саймалоочу машиналарды жана чөнтөк тигүүчү машиналар сыяктуу жаңы заманбап жабдууларды алды. Компания өзү Гүлбайра Жуматаеванын жетекчилиги астында жаңы имаратты курууга жана кошумча тигүү жабдууларын сатып алууга инвестиция кылган. Ошондой эле, компаниянын ээси USAIDдин жардамы менен кызматкерлер үчүн башкаруунун заманбап ыкмаларын жана эмгек стандарттарын киргизген.

“Биздин компания кызматкерлерибизге жакшы эмгек шарттарын камсыз кылууну көздөйт. Биз кызматкерлерге үзгүлтүксүз тамак берип, атайын финансылык колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле биз Бишкектен алыс жашаган кызматкерлерди жайгаштыруу үчүн жатакана салдык” деп белгилеп өттү Гүлбайра Жуматаева.

OskarModa трикотаж материалдарды жана көптөгөн ар түрдүү кездемелерди колдонуу менен аялдардын кийимдерин өндүрөт. Кызматкерлердин 80% дан ашыгын аялдар түзөт. Келе жаткан эки жылда компания кеңейип, кошумча 118 жумуш орун түзүүнү көздөп жатат.

“Биз Гүлбайра Жуматаевага окшогон ишкерлерди колдоп жатканыбызга сыймыктанабыз. Анткени ишканалардын өнүгүшү менен жаңы жумуш орундарын түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн кирешелер көбөйөт. Биз тигүү өндүрүшү сыяктуу тез өнүгүп жаткан тармактарга өзгөчө көңүл бурабыз, себеби бул сектордо көбүнчө аялдар иштеп, ала үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот” деди Кыргыз Республикасындагы USAID өкүлчүлүгүнүн башчысы Алдер Бартлетт. “USAIDдин бардык колдоосу грант түрүндө болот, ошондуктан биздин өнөктөштөр бул акчаларды кайтарып беришпейт”.

USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору бул беш жылдык демилге. Долбоор текстиль өндүрүшү, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, финансы жана башка жааттагы чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп, Кыргызстанда жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт.

Жалпы бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн долбоордун алкагында азыркы күнгө чейин 80ден ашык ишкана колдоого алынды.

Долбоор Кыргызстандын бизнестери үчүн гранттык колдоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну улантууда.

Сүрөттөр: АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты