​Баткенде жер титиреди

  • 3 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-апрелде, саат 15:32де Баткен облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Кызыk-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин, Кадамжай районунун Чаувай айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты