Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунда мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.

Сүрөт: Баткен. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты