Талапкер: Билимдүү, бирок жумушсуз

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлөт. Шайлоолор 28 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 420 айыл аймагында болот. Борбордук Шайлоо Комиссиянын маалыматына ылайык, Республика боюнча эң көп талапкерлер Бишкек шаарында катталып, жалпы жонунан 25 партия каттоодон өткөн. Бишкек шаардык кеңешине 45 мандат үчүн 1844 талапкер аттанып жатат.

ПолитКлиника медиасы, Бишкек шаардык кеңешине депутат болуу үчүн ат салышкан, партиялардын курамын анализдеп көрдү.

Бишкек шаардык кеңешине депутаттыка аттанган талапкерлердин 1097 башкача айтканда 60%ын эркектер түзөт. Ал эми 747 кандидат же 40% аялдардан куралган.

Ошондой эле талапкерлердин көпчүлүгү 33-34 жашта экендиги аныкталды

Шардык кеңешке депутаттыка ат салышып жаткан талапкерлердин 84%ын кыргыздар, 8%ын орустар ал эми 2%ын казактар түзөт. Калган 6%ын башка улуттун өкүлдөрү катталган.

Талапкерлердин билим деңгээли боюнча жогорку билимдүүлөр басымдуулук кылат. Ошондой эле алардын арасында студенттер дагы бар.

Депутаттыкка талапкерлердин дээрлик жарымын жумушсуздар түзөт. Ошол эле учурда бизнес менен алектенген жана директорлук кызматты аркалагандар 16% экени аныкталды. Талапкерлердин арасында мурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон 31 киши бар.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештин депуттары 4 жылдык мөөнөткө шайланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты