Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жана УКМК райондук бөлүм башчысы кармалды

  • 3 года мурун

Аскер прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иликтенген кылмыш ишинин алкагында жана жерди пайдаланууга берүүдөгү коррупция боюнча УКМКнын райондук бөлүмүнүн башчысы А.Ж. жана Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри А. А. кармалган. Алар Бишкек гарнизонунун камак жайына камалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маадыматта айтылгандай, кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, жооптуу кызматкерлерге кысым көрсөтүү менен Бишкекте жерди мыйзамсыз каттоого мажбурлагандыгы боюнча кылмышка шектелүүдө.

Кылмыш ишин тергөө уланууда, бул кылмышка катышууга шектелген башка адамдар да аныкталгандыгы белгиленди.

Аскер прокуратурасы кармалгандардын атын так атаган жок. Ал эми Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азизбек Алымкулов болгону белгилүү. Азизбек Алымкулов Бишкек шаарынын вице-мэрлик кызматынан февраль айында бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты