​COVID-19: Бишкектеги балдар аянтчалары кайра жабылат

  • 3 года мурун

Бишкекте 1-апрелден тартып соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттары жабылат.

Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айжан Чыныбаева 30-марттагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, балдар аянтчаларын жабуу чечими эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Азырынча чектөөлөр эки жумага киргизилип жатат. Коронавирус боюнча абалга жараша кайра ачылышы мүмкүн.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин башкалаадагы соода, оюн-зоок борборлорунда балдар ойногон аянттар жабык турган.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, акыркы убакта Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан балдардын саны да көп болууда. Балдар арасында коронавирус, Кавасаки синдромуна окшош илдеттер да катталып жатканы айтылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты