​Милиция тигүү цехинин жанындагы окуяны териштире баштады

  • 3 года мурун

Бишкекте тигүү цехинин жанында болгон окуяга байланыштуу «Ээнбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, алты адам милицияда сурак берди. Бул тууралуу ЖМКга Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя ишембиге караган түнү Ош базарынын жанындагы Бейшеналиева атындагы көчөдө болгон. Милицияга арыз жазган аял белгисиз адамдар тобу тигүү цехине барып, ал жерде тигилүүчү товарды Орусияга экспорттогон тажик жарандары менен иштешүүнү токтотууну талап кылганына даттанган.

. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган тажикстандык ишкерлердин «Дордойдогу» соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгону айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты