​ДССУ: Тажикстанда полиомиелитке байланыштуу абал кооптуу

  • 4 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстандагы полиомиелитке байланыштуу жагдайды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалады.

Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Тажикстанда 18-мартка карата бул илдет төрт баладан табылган. Ошол эле маалда бейтаптардын жакындарынын арасында да бул оору аныкталган.

Полиомиелит балдардын нерв системасын жабыркатып, шал кылуучу вирустук инфекция болуп эсептелет. Уюмдун ички жобосу боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо – оору табылган өлкөгө кыска мөөнөттө керектүү ресурстарды, анын ичинде вакцина же дары-дармектерди жөнөтүүгө жол ачат.

Маалыматка караганда, учурда илдеттин очогу болгон жер иликтенүүдө.

Тажикстанда 2010-жылы полиомиелит 458 кишиден лабораториялык түрдө аныкталган. Анда ооругандардын 89% пайызы 1ден 5 жашка чейинки балдар болгон.

Мындан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки жолу текшерүү жүргүзүп, 2012-жылы Тажикстанга «полиомиелит жок» деген сертификат берилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты