​Ирактан кыргыз жарандарынын балдары алынып келди

«Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргыз Республикасынын жарандарынын 79 баласы кайтарылды.. 16-мартта өлкөгө Ирактан борт учуп келди.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган уманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болуп саналгандыгы белгиленди.

Балдарды репатриациялоо өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн координациялоосунун астында, Кыргызстандын тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жааттарындагы мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин ведомстволор аралык өз ара ырааттуу аракеттенүүсүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде ишке ашырылды.

Балдарды мекенине кайтаруу репатриациялык иш-чаралар алгоритминин бир бөлүгү болуп саналып, ага ылайык балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш.

Балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдугу менен ишке ашырылды.

Мекенине кайтарылган балдарга кыргыз өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам берилет.

Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты