Россия «Артек» лагерине кыргызстандык 150 балага орун берди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Россиянын агартуу министри эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Россия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирди.

Президент Кыргызстанда орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу, түзүү жана иштетүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын планы иштелип чыккандыгын белгиледи.

Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады.

Бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатышат.

Россиянын агартуу министри эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты