Дыйкандарды сазга батырган күнөскана бизнеси. Аткезчилик жана коррупция
- 4 года мурун
- Баяндар
Көп жылдардан бери Кыргызстанда күнөскана куруу айыл чарбасындагы эң перспективдүү багыт экени айтылып келет. Бирок иш жүзүндө, андан пайда көрө албай, зыянга учурагандардын саны арбын.
Айбек Ош облусунун тургуну. Күнөскана бизнесине 2015-жылы кызыгып калып, иштете баштаган. Бирок, ойлогон кирешесин таба албай, насыялары көбөйүп кеткендиктен 2019-жылы жабууга аргасыз болгон:
“Кыргызстанда күнөскана иштетүү, абдан оор жана көп каражатты талап кылган жумуш. Мен 6 жыл мурун күнөскана ачып, гүл, помидор жана бадыраң эгип оокат кылчумун. Алгачкы жылдары бираз киреше түшүп, жакшы эле болуп жаткан. Бирок, Өзбекстан менен жолду ачып салгандан кийин, ал жактан көптөгөн товарлар келип, биздики өтпөй калды. Мындан сырткары, чек аралардан контрабанда жолу менен көп товарлар киргендиктен иштей албай калдык”, — деп билдирди.
Айбек Кыргызстанда күнөскана тармагынын өнүкпөй жатышына бийликтин кайдыгерлиги себепкер деп эсептейт. Жыл сайын күнөскананы иштетүүгө насыя бөлүнүп, бирок көпчүлүгү дыйкандарга жетпей эле ортодон жок болуп кетээрин айтат:
“Мен бийликке ишенбейм. Чынын айтсам, көңүлүм калды. Анткени дыйкандарды колдоп, бөлүнгөн насыя, тендерлер бийликтегилердин эле чөнтөгүнө кетип, бизге колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары бөлүп берген насыялары да дыйкандарга чоң жеңилдик берет деп айтуу кыйын. Жок дегенде, чек арадан кирип жаткан контрабанданы тыйганда дыйкандар үчүн бираз жеңил болмок да!? Азыр мага окшоп, теплицадан пайда көрө албай банкрот болуп отургандар толтура”, — деп билдирди Айбек.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында Ош жана Анжиян шаарларынын ортосунда жайгашкан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ири «Достук» өткөрүү пункту ачылган. Аталган өткөрмө пунктунда, эки тараптуу товар алмашуулар жүргүзүлүп келет. Улуттук Статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода алмашуу процессинде, Өзбекстан Кыргызстанга караганда 6 эсеге көп экспорттойт.
Күнөсканалардын аянты кыскарып бара жатат
2015-жылы ошол учурдагы премьер-министр Темир Сариев Кыргызстанда күнөсканаларды көбөйтүү жана аталган тармакты алдыга жылдыруу боюнча бир катар көрсөтмөлөрдү берген. Темир Сариев дыйкандарга төмөнкү пайыздык чендер менен насыя берүү жана 2016-жылга чейин ар бир райондо эки-үчтөн күнөскана ачуу талабын койгон.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан баштап өлкөдө күнөсканалардын аянты көбөйө баштаган.
Мисалы, 2015-жылы өлкө боюнча 45,8 гектар аянтты ээлеген күнөскана болсо, 2016-жылы бул сан болжол менен 3 эсеге көбөйгөн. Бирок, 2020-жылы күнөсканалардын аянты 21 гектарга кыскарып, 8 жыл аралыгында ар түрдүү типтеги 49 күнөскана жабылган.
“Дыйкандар конкуренцияга туруштук бере албай жатышат”
Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация мурдагы министри Тилек Токтогазиев Кыргызстанда күнөсканалардын санынын кыскарып жатышына, аткезчилик жолу менен келген айыл чарба продуктыларынын жана коррупциянын таасири бар экенин айтат:
“Кыргызстанда күнөскана тармагынын өнүгүшүнө бир канча фактор тоскоолдук жаратып жатат. Мисалы, коңшу өлкөлөргө караганда бизде аба ырайынын суук болушу, газдын кымбаттыгы жана контрабанданын жайылгандыгы. Жыл сайын, чек аралардан көптөгөн продуктылар эч кандай текшерилбестен, салык төлөбөстөн Кыргызстанга кирип турат. Ал жактан келген продуктылардын сапатын да эч ким текшере албайт. Ошондой эле, алардын баасы арзаныраак болгондуктан биздин дыйкандар өз продуктыларын сата албай, конкуренцияга туруштук бере албай жатышат”, — деп билдирди.
Ошондой эле Тилек Токтогазиев коңшу мамлекеттер көбүнчө Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн базар системасын “демпинг” жолу менен басып алаарына токтолду. Башкача айтканда, алгач ошол өлкөгө арзан товарларды жиберүү менен өлкөдөгү өндүрүүчүлөрдү жок кылгандан кийин, продуктыларынын баасын көтөрүп, көз каранды кылып алышаарын белгиледи. Бул маселе менен “антидемпинг” жолу менен күрөшүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө колдоо өтө маанилүү экенин кошумчалады.
Тажикстан, Өзбекстан. Баткен чек арасындагы аткезчилик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу, мамлекеттик Бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2015-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанга жалпы жонунан 43 миң тонна помидор жана 12,5 миң тонна бадыраң импорттолгон.
Ал эми, 5 жыл аралыгында бадыраң жана помидордун салыгынан мамлекеттик бюджетке 1 миллион 57 миң сом келип түшкөн. Бирок, эксперттер жана дыйкандар бажыдан айыл чарба продуктыларынын кичине эле бөлүгү өткөрүлөөрүн жана эч кандай көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгүн айтып келишет.
“Контрабанда бул биздин кадимкидей эле жумушубуз…”
Кыргызстандын түштүгүндөгү эң көйгөйлүү чек аралардын бири Баткенде жайгашкан. Белгилүү болгондой, көп жылдардан бери Тажикстан менен чектешкен аймактардын көпчүлүгү такталбай, эки тараптуу чыр-чатактардын чыгышына да өбөлгө түзүп келет. Бир жагынан, такталбаган чек аралар аткезчилик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатканын ушул айылдын тургуну Каныбек ( аты өзгөртүлдү) айтып берди.
“Биздин айылдан күн сайын чоң КАМАЗдар өтүп турат. Айыл тургундары эле ар кандай товарларды жүктөп беришет. Эч кандай бажыга токтобой туруп, дароо жолго чыгып кетет”-деп билдирди.
Сүрөттө, Баткендин Кара-Бак айылындагы, Кыргызстан менен Тажикстанды бөлүп турган суу каналы көрсөтүлгөн. Каныбектин айтымында, Кыргызстан аркылуу Кытай товарларын өткөрүү кымбат болгондуктан, алгач кытайлык товарлар Тажикстанга өтүп, кийин Кыргызстанга контрабанда жолу менен өткөрүлөөрүн жана Тажикстан менен Өзбекстандан келген продуктылар да эч тоскоолдуксуз өтөөрүн айтат:
“Негизи бул бир чоң система. Мисалы айыл тургундары, өзүнүн үйлөрүнүн алдындагы огороддорун ижарага беришет. Атайын бригада жана застава болуп жумушчу балдар иштейт. Ал жерге чоң жүк ташуучу эки машина келип, бир камаздан экинчисине жүктөлөт. Андан кийин, Ош Бишкек болуп отуруп Кыргызстанга таратылат. Кыргызстандан Тажикстанга да жөнөтүлүп турат”-деди Каныбек.
Ошондой эле Каныбек КАМАЗдын ичинде эмне бар экени эч кимди кызыктырбай турганын кошумчалады.
“Шефтердин КАМАЗдарын тоспогула деп айтышчу”
Аткезчилик менен бир гана айыл тургундары эмес, бажы кызматкерлери да алектенээрин Кыялбек Баткен облусунда аскердик кызматын өтөп жүргөндө байкаганын айтат:
“Мен мындан 10 жыл мурда Баткен облусунда аскердик кызматымды өтөгөнмүн. Ошол убакта бажыдагы өткөрмө пункттарында “шефтин” КАМАЗы келе жатат, тоспогула, текшербегиле деген буйрук берилчү. Бир эле жолдон күн сайын 30 га жакын КАМАЗ өтүп турчу. Биз текшерчү эмеспиз. Азыр деле бажыдагы өткөрмө пункттарындагы досторум эч нерсе өзгөргөн жок деп айтышат. Өлтүрүп кетеби деп коркушуп, журналисттерге маалымат бере алышпайт”-деп билдирди.
Бажы кызматы: “Чек ара маселеси чечилмейинче, контрабанда улана берет окшойт…”
Бул маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусундагы башчысы Тимурлан Кожоновго байланышып, сурап көргөнүбүздө аткезчилик менен күрөшүүдө чек ара маселеси тоскоол болуп жатканын айтты:
“Биз болгон күч — аракетибизди жумшап чек арадагы контрабанда көйгөйүн чечкенге аракет кылып жатабыз. Бирок чек ара такталбай, ызы- чуусу көп болуп жаткандыктан толугу менен жок кылуу кыйын болуп жатат.”-деп билдирди.
Ал эми, бажы кызматында коррупция жана аткезчилик жолу менен алектенгендер жок экенин жана мындай иштер болбой турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 6-март күнү Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында, Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик менен ташылып келе жаткан жүк кармалган. Аталган жүктүн салмагы 11 тоннаны түзүп, ал жүктө лимон жана бадыраң бар экени белгилүү болгон . Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган товарлардын жалпы наркы 1 миллион 717 миң сомдон ашык айтылган. Башкача айтканда, 2015-2020-жылдар аралыгында помидор жана бадыраңдан мамлекеттик казынага 1 миллион 57 миң сом түшкөн болсо, аткезчилик менен өткөрүлгөн бир товардын баасы андан да жогору экени аныкталган.
Бул маселе качан чечилет?
Кыргызстанда күнөсканага байланыштуу маселелердин чечилүү багыттарын билүү үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине байланышып сурап көргөнүбүздө аталган министрликтин Кооперация жана жаңы технологиялар секторунун башчысы Аскарбек Сагынбаев буларга токтолду:
“Чындыгында, биз азыр өзүбүздүн муктаждыктарыбызды жана керектөөлөрүбүздү Кыргызстанда өндүрүлгөн продуктылар менен толугу менен камсыздай албайбыз. Ошондуктан, айласыздан Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн бизге жетпеген продуктыларды алып жатабыз. Күнөскана багытында да ал өлкөлөрдө климат жылуу болгондуктан, арзаныраак өстүрүлөт. Ал эми биздин дыйкандар, көмүр менен ысытып жаткандыктан өздүк баасы жогору болуп иштете албай калып жатышат.”-деп билдирди.
Ошондой эле Аскарбек Сагынбаев бул маселени чечүү жана Кыргызстанда күнөскана тармагын жандандырууда дыйкандарга төмөн пайыздык чен менен насыя берүү сыяктуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди:
“Мындан 5-6 жыл мурда туура эмес саясат жүргүзүлүп, күнөскана иштетсең эле 2 жылда миллионер болуп кетесиң деген түшүнүк калыптандырылган. Бирок азыр дыйкандар бул тармактын түйшүктүү экенин сезип калышты. Ошондуктан биз теплица иштетебиз дегендерге жок дегенде 6 ай бул тармакта жалданып иштеп көрсүн деген сунуш берип жатабыз. Мындан сырткары жергиликтүү дыйкандарга, жеңилдетилген насыяларды берип, күнөскана курууга Ош ,Баткен, Чүй облустарындагы ысык жерлерге курууну сунуштап жатабыз. Ошондой эле, бул маселени чечүү үчүн Айыл чарба министрлиги болгон күч аракетин жумшап жатат”- деп билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан импорттон көз каранды болгон өлкөлөрдүн катарына кирет.