Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалды
- 4 года мурун
Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, Бакытбек Нарбеков 2020-жылдын 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын тизмесинде болгон.
Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган.
Сүрөт: FRE/RL
Муну бөлүшүү