Бишкекте аялдардын укугуна арналган жөө жүрүш өтүүдө
- 4 года мурун
Бүгүн, 8-мартта, Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду.
Иш-чаранын катышуучулары Ак үй тараптан баштап, Уркуя Салиеванын эстелигин карай бара жатышат.
Алар «Аял бактылуу болууга акылуу!», «Аял бактысы — татыктуу эмгек акысы», «Аял бактысы бул саясатка бирдей катышуу» , «Аял бактысы бул сапаттуу билим», «Аял бактысы бул коопсуз шаар», «Аял бактысы бул коопсуз үй-бүлө» , «Аял бактысы- тынч жыйналыш». «Аял бактысы- сөз эркиндиги», «Аял бактысы- ой эркиндиги» жана башка ураандарды чакырып келишти.
Маршка 500 гө жакын киши катышып жатат.
Сүрөт: Чолпонбек Сабырбек уулу / ПолитКлиника.
Муну бөлүшүү